Матраимовдун иниси ишкерлердин айткандарын төгүндөдү

Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарада тартылган сүрөт. 1-май, 2019-жыл.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси Руслан Матраимов Ошто өз дарегине айтылган сындарды четке какты. Ал «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында Өзбекстандан Кыргызстанга товар ташыган ишкерлердин айткандарын «куру доомат, жалган маалымат» деп мүнөздөдү.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө айрым ишкерлер расмий түрдө бажы тармагына эч тиешеси жок Руслан Матраимов кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бажы бекетин көзөмөлдөп, товар ташыгандардан үлүш алып турарын айтып беришкен. Алар бул ишке Матраимовдун эжеси да аралашып жатканын билдиришкен.

Жеке ишкер деп саналган Руслан Матраимов расмий документтер боюнча Исмаил Матраимов атындагы фонд менен «Эрем» спорттук клубуна ээлик кылат.

«Азаттыктын» Матраимовдор аралашкан алешем иштери тууралуу иликтөөсү обого 29-майдын кечинде чыкты.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган. (NT)