Мюллер: Трампка айып коюу менин ыйгарым укугума кирген эмес

Роберт Мюллер.

АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиядагы президенттик шайлоого болжолдуу аралашуусун иликтеген баяндамасын жарыялаган соң алгачкы ирет коомчулук алдында сүйлөп, президент Дональд Трампка айып коюу анын ыйгарым укуктарына кирбегенин билдирди.

Министрликтин көп жылдык практикасына ылайык, президентти кызматта турган кезинде кайсы бир кылмыш үчүн айыптоо болбойт. «Айыптоону коомчулуктан жашырса да бул Конституцияга каршы келет», - деди Мюллер 29-майда Юстиция министрлигинде сүйлөгөн кезде. Ошону менен катар прокурор «президент күнөөсүз деп ишенсем, аны так айтмакмын» деп кошумчалады.

Иликтөөсүнүн жыйынтыгына комментарий берип жатып ал Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишкени тууралуу факт аныкталганын белгиледи. Ал Конгресске чакырылса да, бир ай мурда жарыяланган баяндамада айтылгандан башка маалымат бере албай турганын айтты.

Мюллердин баяндамасы чыккан апрелден бери Конгресстеги демократтар анда аныкталган айрым фактылардын айрым өңүттөрүн жана Трамптын кээ бир ишкерлигин иликтөөгө киришкен.

Атайын прокурордун териштирүүсү дээрлик эки жылга созулду. Анын жүрүшүндө Орусиянын хакердик чабуулдар жана социалдык тармактарда жалган маалымат таркатуу аркылуу Америкадагы шайлоого кийлигишкени аныкталган. Ошол эле маалда Мюллер Трамп менен анын командасынын Москва менен кутумга барганын далилдеген фактыларды тапкан эмес.