Президенттикке талапкерлердин дебаттарына Токаев катышкан жок

Президенттикке талапкерлердин дебаттары. Нур-Султан шаары, 29-май, 2019-жыл.

Казакстанда президенттикке талапкерлердин теледебаттары болду. «Хабар» мамлекеттик телеканалы түз тартуулаган таймашка беш талапкер жана эки талапкердин ишенимдүү адамдары катышты.

Утурумдук президент Касым-Жомарт Токаевдин ордуна дебатка республикалык штабдын жетекчиси Маулен Ашимбаев чыкты.

Бул көрүнүш сын сөздөрдү көбөйтүшү мүмкүн. Өкмөттүн оппоненттери «шайлоо ансыз да эркин жана калыс өтпөйт, шайлоодо Токаев утат» деп айтып келатышат.

Дебаттын так алдында президенттин жардамчысы Эрлан Карин жана башкаруудагы «Нур-Отан» партиясы Токаев Евразия Экономикалык Биримдигинин саммитине катышып жаткандыктан дебатка бара албай турганын билдирген.

Бир катар байкоочулар телеайтыш атайылап саммит маалында уюштурулган деп шектенип жатышат.

Дагы бир талапкер – Дания Еспаева өзү катышкан жок.

Кошуна өлкөдөгү эрте президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы жети талапкерди каттоодон өткөргөн. Үгүт өнөктүгү 7-июнда соңуна чыгып, 8-июнь жымжырттык күнү болмокчу.

Мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин тушунда өткөн бир да шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык деп мүнөздөгөн эмес.