«Спутниктин» Литвадагы башкы редактору өлкөдөн чыгарылды

«Спутник» маалымат агенттигинин эн белгиси.

«Спутник» маалымат агенттигинин Литвадагы бөлүмүнүн башкы редактору Латвияга депортацияланды. Марат Касемге Литвага кирүүгө 5 жылга тыюу салынды. Латвиянын жараны Касем 28-майда Москвадан Вилнюска келгенде чек арачылар аны кое бербей, кийин Ригага жөнөтүшкөн. Бул тууралуу орусиялык мамлекеттик «Спутник» агенттиги кабарлады.

Литванын Чек ара кызматы өз сайтына жайгаштырган маалыматка ылайык, ал журналист өлкө «коопсуздугуна коркунуч жараткан» адам катары каралат.

Кийинчерээк Ригадан жазылган видеодо Касем Вилнюс аэропортунда аны 6 саат кармашканын, суракка алгандар анын Орусиянын атайын кызматтары менен байланыштарына жана башка нерселерге кызыгышканын айтып берди.

Литванын чек арачыларына бул маалымат боюнча суроо узатуу мүмкүн боло элек.

Вилнюс менен Москванын мамилелери татаал. Балтика жумуриятында акыркы айларда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууда деген айып менен бир нече киши кармалган.

Батыш саясатчылары жана чалгын кызматтары Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарын, анын ичинде «Спутникти» жана «Russia Today» телеканалын Кремлдин пропаганда каражаттары деп аташууда.

АКШнын Юстиция департаменти «Russia Today» каналынын Америкадагы бөлүмүн 2017-жылы чет өлкөлүк агент катары катталууга милдеттендирген. Анын алдында чалгын кызматтары телеканал Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү өнөктүгүнө салым кошконун аныкташкан.