Бүгүндөн тарта Бишкек-Торугарт жолундагы Боом капчыгайы убактылуу жабылат. «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, 29-31-майда капчыгайдагы кооптуу аймакта атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Ошол себептүү жолдун 131-132-чакырымы саат 9.00дөн 15.00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Топтолгон машинелердин 30-40тан ашып кеткен учурда автоунаалар өткөрүлө турганы кабарланды. Өткөн аптада Боом капчыгайында таш кулап, жүк ташуучу машине зыян тарткан.