Евробиримдик Кыргызстандагы коомдук уюмдар үчүн тынчсызданды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

27-майда Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын өкүлдөрү адам укугу жаатындагы кызматташтык маселесин талкуулашты. Анда Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандардын эркин оюн билдирүү жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өзгөрүүлөрдү кубаттай тургандыгын билдирген.

Ошондой эле Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, ал эми Европа Биримдигинин делегациясын Борбор Азия боюнча бөлүмдүн жетекчиси Борис Ярошев жетектеди. Кийинки жолугушуу 2020-жылы Бишкекте өтөт.

Апрель айында парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Идрис Кадыркуловго өкмөттүк эмес уюмдар боюнча суроо берилген. Анда Кадыркулов өлкөдө 32 миң өкмөттүк эмес уюм бар экенин жана алар көзөмөлдөнүшү зарыл экенин айткан болчу. (TSh)