Бразилиянын Амазонас штатындагы төрт түрмөдө жазасын өтөп жаткан кеминде кырктай адам өлтүрүлдү. Алардын асылган өлүктөрү 27-майда табылганы белгилүү болду. Бийлик түрмөдөгү зомбулукту токтотуш үчүн аймакка федералдык атайын күчтөрдү жөнөттү.
Бир күн мурда да дал ушул штаттагы бир түрмөдө тополоң чыгып, андан кеминде 15 киши мерт болгон эле.
Бразилиядагы дээрлик бардык түрмөлөрдө баңгизат менен шуугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күч. Андыктан өлкөдөгү абактарда маал-маалы менен тополоң чыгып турат.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару түрмөлөргө көзөмөл орнотууга жана кошумча абактарды салууга убада берди.