Тийиштүү комитет Британиядагы элчиликке Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоду

Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилик кызматына коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоп берди.

Бул тууралуу комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, депутаттардын арасынан Ирина Карамушкина гана каршы добуш берген.

Азыр Улуу Британияда Гүлнара Исакова элчи болуп турат. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган.