Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын мурдагы күйөөсү Рустам Мадумаровдун «Rubicon Wireless Communication» компаниясы сатыкка коюлганын жергиликтүү басылмалар 25-майда жазып чыгышты.
Каримова учурда Ташкенттин алдындагы аялдар колониясында жазасын өтөп жатат. Бул компания Өзбекстандын мобилдик рыногунда иштеген «Perfectum» ишканасына ээ. 10-июнда боло турган ачык аукциондо анын баштапкы баасы 205 миллион сум деп бааланды.
Майдын башында Мадумаровго таандык деген «EDEL VEYS-ALI» компаниясы сатыкка коюлган.
Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Рустам Мадумаров Каримованын коррупциялык схемасына катышкандардын бири экенин билдирген. 2014-жылы сот аны узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.
Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.
Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген.