Талибдердин туткунунан бошонгондор кыйноого алынганын айтып чыгышты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясынын билдирүүсүнө ылайык, талибдердин туткунунда болгон ооган жарандарына «катаал мамиле жасалып, алар кыйноо көрүшкөн».

Өткөн айда Урузган провинциясындагы «Талибан» кыймылынын тергөө абагынан 53 адам куткарылган. Ооганстандын күч кызматкерлери жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө бошотулгандардын арасында өкмөттүк аткаминерлер жана карапайым адамдар да бар.

Туткундан бошотулгандардын көбү өтө начар шарттарда кармалганын, талибдер бир нече туткунду өлтүргөнүн айтышты.

Айрым туткундар талибдер маалымат берүүнү же бир кылмышты мойнуна алууну талап кылып, кыйнашканын айтышкан.