Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча түшүндүрмө берилди

Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен облусу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Эски-Мазар участогу тактала элек тилке болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 25-майда тараткан билдирүүдө айтылат.

«Быйыл 22-майда эки тарап Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Кара-Бак айылынын тургундарына Эски-Мазардагы көрүстөнгө барышына тоскоолдук кылбайт деп макулдашкан» деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, жакында «Азия плюс» сайтына тажик тараптын комментарийи жарыяланып, анда «Кыргызстан Курганча жана Кара-Бак деген эки айылдын ортосундагы мазар "бизге таандык" деп негизсиз талап койгону, төрт гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алгысы келгени» жазылган.

Кыргыз тарап Тажикстандын мындай билдирүүсү «таң калдырганын» айтууда. Мамлекеттик чек ара кызматы тажик кызматташтарына кайрылып, абалды курчутпоого чакырды.

20-майда кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөнүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, элди ага жолотпой койгону маалымдалган.

Тажик тарап чырдын чыгышына кыргызстандыктар себепкер болгонун билдирген. (RK)