«Өнүгүү-Прогресс» жол эрежеси боюнча айыппулдун өлчөмүн талкуулайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдардын өлчөмү жана анын натыйжалуулугу боюнча маселени талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушул тармактагы өкмөттүн өкүлдөрү маалымат беришет.

21-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн кеңешмеде жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдарды оңдоо-түзөө, тууралоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырган. Маалыматка караганда, жумушчу топко коомчулуктун жана парламент депутаттарынын пикирлерин эске алуу, учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн, натыйжалуулугун карап чыгуу милдети жүктөлөт.

Мунун алдында депутат Тазабек Икрамов айыппулдун өлчөмүн азайтуу маселесин парламент жыйынында көтөрүп чыккан.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында автожолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймагында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган. (КЕ)