Былтыр 550дөн ашуун өспүрүм көз жарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп. Бирок 2015-жылга караганда эки эсе азайган.

6-май күнү Жети-Өгүз районунда 8-класстын окуучусу төрөгөнүн укук коргоочулар кабарлашкан. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, төрөгөн кыз марттан бери мектепке келбей калган. Аны апасы кызынын буту сынып, Бишкекте дарыланып жатканын айтып, дарыгерден тактама кагаз алып бергенин кабарлады.

Окуучунун төрөгөнүнө байланыштуу шектүү катары анын 20 жаштагы кошунасы сурак берүүдө.

Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу кылмыш болуп эсептелет. (КЕ)