Динара Сагынбаева 26-июнга чейин үй камагында болот

Динара Сагынбаева.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча шектүү катары кармалган мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева Бишкектин Биринчи май райондук сотунун шаршембидеги чечими менен 26-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова "Азаттыкка" билдирди. 22-майда Биринчи май райондук соту прокуратуранын Сагынбаеванын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн карап, аны канааттандырган. Мурдагы министр сот залынан бошотулган.

"Райондук сот Сагынбаевага байланыштуу чечим чыгарууда Жазык-процессуалдык кодексинин 118-беренесинин ("Бөгөт чараны жокко чыгаруу же өзгөртүү") жоболорун эске алды", - деп кошумчалады Чынара Мамытканова.

Мыйзамдагы ууру деген Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана аз өмүрү калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес. Батукаевдин көзү тирүү экени белгилүү. Ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин Динара Сагынбаева жетектеп турган.

Быйыл жыл башында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши кайра жанданган. Анын алкагында Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. ЖАМКнын ошол маалдагы башчысы, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев өткөн аптада сурак бергени кабарланды. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. (NT)