Чечим кабыл алуучу органдардагы аялдардын саны жарыяланды

Саясаттагы аялдар тууралуу ар кандай стереотиптер бар. Иллюстративдик сүрөт.

БУУнун Өнүктүрүү программасы чечим кабыл алуу органдарындагы аялдардын санын жарыяланды.

2019-жылдын 8-мартындагы көрсөткүчкө караганда Жогорку Кеңеште 19 аял депутат бар (15,8%). Өкмөттүн 16 министрлигинин экөөнү аял министр башкарат (12,5%).

Мамлекеттик агенттиктерди жетектеген аял жок, ал эми 11 мамлекеттик кызматтан Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматын гана аял киши жетектейт.

Жогорку сотто 28 судьянын 12си аялдар. Алар жалпы соттордун 43% түзөт.

Эсеп палатасындагы 8 аудитордун бирөө гана аял (12,5%).

Жергиликтүү кеңештердин курамынын 11% аялдар түзөт.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын 51 пайызын аялдар түзөт.

Ушул тапта парламентте «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда. Анда айылдык кеңештерге аялдар үчүн 30% квота киргизүү каралган. (KR)