170 компания АКШнын президентине кат жазды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Nike», «Adidas» жана «Puma» өңдүү ири компаниялар АКШнын президенти Дональд Трампты Кытай менен «соода согушун» токтотууга чакырып, жаңы тарифтер экономикага сокку ураарын билдиришти.

Трампка жазылган катта спорт кийимдерин чыгарган белгилүү 170 компания Кытайда тигилген бут кийимдерге салыкты көтөрбөөнү өтүндү. Алардын айтымында, Кытайдын товарларына салыктын 25 пайызга жогорулашы америкалыктарга да кедергисин тийгизет. Себеби АКШда сатылган бут кийимдердин 76 пайызында «Made in China» деген жазуу бар. «Nike» компаниясы өз өндүрүмүнүн төрттөн бир бөлүгүн Кытайда чыгарат жана ал заводдорун башка мамлекеттерге көчүрүп кетүү оңой болбой турганын билдирди. Ак үй бул катка азырынча жооп бере элек.

Кытай менен Кошмо Штаттардын «соода согушу» дээрлик он айдан бери уланып жатат. АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына бажы тарифин 25 пайызга чейин көтөргөн.