Маалыматтык технологиялар комитетине Догоевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Дастан Догоев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалык кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү 22-майда билдирди.

Эреже боюнча өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошотулган учурда премьер-министр президентке Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди сунуш кылат. Бош кызмат ордуна жетекчи беш жумушчу күн ичинде дайындалышы керек.

Комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал мындай чечимге эмне себеп болгонун айткан эмес.

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Шаршембиевди берген арызынын негизинде иштен алуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизгенин кабарлаган. ​

Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин 2018-жылдын апрелинен бери жетектеп келаткан.

Ал эми Дастан Догоев буга дейре Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда президенттин коомдук кеңешчиси.

Анын ысымы быйыл февралда ачыкка чыккан паспорт жана тендер чырында аталган. (NT)