Ош шаарындагы Масалиев проспектинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыккка» билдирди. Анын айтымында, үйдү куруп жаткан «Евростиль» компаниясынын уруксаты болгон эмес, иш сотто каралган.
- Бул курулуш компаниясы боюнча Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык аймак аралык башкармалыгы сотко кайрылган, - деди мэриянын өкүлү. - Шаардык сот курулуштун мыйзамсыздыгын аныктап, аны токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Курулуш компаниясына соттун чечими менен 200 миң сом айыппул төлөө милдеттендирилген. Компания облустук сотко кайрылган. Облустук сот шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Алар Жогорку сотко кайрылышкан, учурда иш Жогорку сотто.
Абсаттаровдун маалыматы боюнча, курулуш компаниясы соттук териштирүү аягына чыга элек болсо да курулушту токтотпой уланта берген. 21-майда шаар мэриясынын, Мамэкотехинспекциянын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү барып, «Евростиль» компаниясынын юристинен курулушту тез арада токтотууну талап кылышкан.
Мурда дагы мэриянын буйругу менен курулуш компаниясынын электр булагы өчүрүлүп, ага курулушту токтотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, андан эч кандай майнап чыккан эмес.
«Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов учурда көп кабаттуу үйдүн мыйзамдуулугун сот аныктаарын, бул иш учурда Жогорку сотто каралып жатканын билдирди.
Ош шаардык прокуратурасы 31-январда дагы бир ишкана - «Эмаком» курулуш компаниясынын жетекчилигине шаарда мыйзамсыз имарат салганы үчүн кылмыш ишин козгоп, ишкана «Сулайман Тоо» коругунун аймагына уруксатсыз түрдө көп кабаттуу үй тургузуп жатканын мыйзамсыз деп тапкан. (MdN)