Памирлик кыргыздардын маселеси талкууланат

Оогандык кыргыздар.

Бүгүн, 22-майда Бишкекте «Памирлик кыргыздар: кайрылмандар, маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору» аттуу тегерек үстөл өтөт. Ага Нарынга көчүп келген памирликтер да келет. Талкуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын демилгеси менен уюштурулуп жатат.

2017-жылдан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары 2018-жылы Ооганстанга жөнөп кеткен. Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү 2017-жылы Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуучу сыноодон өтүш үчүн көчүрүлүп келген.

Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүп жатышат. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. Айрымдары кыргыз бийлиги жер берип, шарт түзүлсө кайра кайтып келерин, болбосо Ооганстанда каларын айтышкан.

Буга чейин депутат менен жолугушууда алар документ алуудан кыйналып жатканын, жумуш, жашай турган жери жок экенин билдиришкен. (КЕ)