Дин ишмерлеринин шайлоодо үгүт иштерине катышуусуна тыюу салуу сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда талкуулайт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Абдувахап Нурбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо кызматына өткөрүп берүү жөнүндө сунуш түшүп жатат. Мындан сырткары депутаттыкка талапкердин жогорку билими болушу керек.

- Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мектеп директоруна, оорукананын башкы дарыгерлерине уруксат берүү, «үч берене боюнча соттуулугу бүткөндөн кийин дагы 5,10, 15 жыл депутаттыкка, президенттикке талапкерлигин коё албайт» деген норма бар. Мындан сырткары «диний ишмер үгүткө катыша албайт» деген түшүнүк кирип жатат, - деди депутат.

Учурда президенттин жумушчу тобунан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү төрт депутаттык топ көздөп жатат. Алардын айрымдары партиялардын шайлоодогу тогуз пайыздык чегин жети же беш пайызга чейин төмөндөтүүнү, шайлоочуларды 13 округга бөлүүнү, партия менен бирге талапкердин атын бюллетенге алып чыгууну сунуш кылышууда.

Азыркы мыйзамга ылайык парламентке жалпы шайлоочулардын 9 пайыздан ашык добушун, ал эми ар бир аймакта 0,7 пайыздан көп добуш алган партиялар гана өтөт. Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.

2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү талкууга түшкөн. Муну жарандык активисттер динди саясий максатта колдонуу катары карап, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. БШК Чубак ажы Жалиловго жана диний уюмдарга үгүт ишине аралашпоо боюнча эскертүү берген.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. (КЕ)