Москвада «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өтүп жатат. Иш-чара Москвада иштеген жердештердин «Ысык-Көл» коому тарабынан уюштурулган.
Москвадагы «Ысык-Көл» коомунун төрагасы Акбар Маразыковдун белгилешинче, бул Орусияда иштеген мигранттардын Кыргызстандагы облус жетекчилери - жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланыш түзүп, мигранттардын аймактарды өнүктүрүүдө салымын күчөтүү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусияда жайылтууга, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында уюшулган.
Форумга Кыргызстандан Ысык-Көл облусунун губернатору Акылбек Осмоналиев жана райондук акимдер, Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев, Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары чакырылган.
Иш-чараны өткөрүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги колдоо көрсөтүп, форумга элчи Аликбек Жекшенкулов катышууда.
Москвадагы «Президент» отелинде 20-майда өткөн иш-чарага орус калаасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, мигранттардын коомдук жана облустук уюмдарынын жетекчилери да катышты.
Форумдун катышуучуларына Кыргызстандын жети облусунан алынып келинген азык-түлүк, даамдар сунушталды. (Lzt)