Крым татарлары сталиндик депортациянын курмандыктарын эскеришти

Крым татарларынын массалык депортация болгонуна 75 жыл болду. Бул датаны белгилөө үчүн чогулгандар.

Крымда сталиндик репрессияга жана депортацияга дуушар болгондорду эскерүү митинги өттү. Полиция бул митингге уруксат алынбаганын эскертти, бирок чогулган элди тараткан жок.

Жүздөй киши шаардын борборундагы 1944-жылы депортация болгондор үчүн тургузулган айкелдин жанында чогулуп куран окушту. Катышуучулардын арасында улуттук кийим кийгендер, Крым татар жамаатынын желегин көтөргөндөр жана окуяны өз көзү менен көргөн аксакалдар болду.

1944-жылы май айында Иосиф Сталин Крым татарларын депортациялоого буйрук берип, он миңдеген киши узак жолдун жана Казакстандагы катаал шарттын айынан каза тапкан. Крымга кайтып келүүгө татарларга 1980-жылдардын аягында гана уруксат берилген.

Крым жарым аралы 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган. Бул жердеги татар жамааты Орусиянын бийлигин таануудан баш тартып, бир топ активисттер камакка алынган. (KKu)