ЕККУ: "Ачык өкмөткө" жетекчини Кыргызстан өзү тандаганы туура

Иллюстрациялык сүрөт.

“Ачык өкмөт” программасына жетекчини Улуттук форум тандашы керек. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусуна жооп кайтарып билдирди.

Анын белгилешинче, «Ачык өкмөт» мамлекет менен элдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ачыктыкты камсыз кылууга жана коррупцияны ооздуктоого жардам берген долбоорго айланды.

Элчи бул ишти мындан ары улантып кете турган жетекчини Кыргызстан өзү тандашы керектигин белгилеп, долбоордун башында турган Иманкадыр Рысалиевге кызматташтык үчүн рахматын айтты жана келечекте да чогуу иштешүүгө даяр экенин билдирди.

18-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди бул кызматынан чакыртып алууну сунуштаган.

Рысалиев өзү да муну "Азаттыкка" тастыктап, иштен кетүүнү чечкенин айткан.

Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганы айтылган.

Мурдараак Абылгазиев «КТ Мобайл» жана анын артында турат деген бажасы Иманкадыр Рысалиев тууралуу комментарий берип, дооматтар ырастала электигин билдирген.

"Ачык өкмөт" - ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү ишке ашырып жаткан долбоор. (RK)