Рим папасы журналисттерди ар бир жазган сөзүнө этият болууга чакырды

Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск журналисттерди чындыкка дал келген гана маалыматтарды таратып, ачуулукту жана таш боордукту жайылтпоого чакырды.

Ватиканда Чет өлкөлүк басылмалар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушууда ал: ​

- Силердин милдет - түз жолдон адаштырып эмес, багыт берүү. Бири-бириңерге түшүнүү менен мамиле жасап, жек көрүүчүлүктү жайылтпай, катуу кыйкыргындарга эмес, кулагы укпагандарга сөз беришиңер керек, - деди.

Папа журналисттерди жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын ар бир айткан жана жазган сөзү үчүн жоопкерчиликти сезгидей болууга үндөдү. (RK)