Атамбаевдин жансакчысы кайрадан суракка чакырылды

Дамир Мусакеев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кайрадан Аскердик прокуратурага суракка чакырылды.

Чакыртмада ал күбө катары сурак берери жазылган.

Мусакеев 16-майда да Аскердик прокуратурага күбө катары сурак берип чыккан.

Аны эки себеп менен айыптап жатышат. Биринчиси - 9-башкармалыкты жетектеп турганда кызматтык батирлерди туура эмес тараткан деген, экинчиси - мыйзамсыз баюу.

Биринчиси боюнча сот жүрүп жатат, прокурорлор аны беш жылга эркинен ажыратууну жана 70 миң айып өндүрүүнү сурады.

Ал эми экинчиси боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (RK)