Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун 17-майда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын жыйынында билдиргени боюнча, быйыл Токтогул суу сактагычына былтыркыдай суу ашыгы менен толбойт.
Анын айтуусунда, өлкөнүн негизги суу чөйчөгүнө апрелде 13,6 млрд. суу толот деп божомолдонгон, бирок суу анда көбүрөөк. Кубатбек Боронов быйылтан башталган кургакчылык үч-төрт жылга чейин созулушу ыктымалдыгын, муну мурдагы жылдагы тажрыйба көрсөткөнүн белгиледи.
2018-жылы Токтогул суу сактагычына 19,3 млрд. куб метр суу толгон. Суу сактагыч 20 млрд. куб метрге чейин суу батыра алат. (ZKo)