Мурдагы бажы башчысы Жунусовдун ишин кароо убактылуу токтотулду

Адамкул Жунусов.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго байланыштуу соттук териштирүү токтотулуп, кылмыш иши соттук-экономикалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттон алынды.

15-майда Октябрь райондук сотунда экономикалык кылмыштарга байланыштуу шек саналып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов менен бир нече адамдын бөгөт чарасы каралып, узартылды. Шектүү боюнча соттук териштирүү январь айында башталган.

Адамкул Жунусов 2018-жылы 28-декабрда Кыргызстанга Бакудан жеткирилген. Башкы прокуратура 2018-жылы июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган. (TSh)