Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгып кеткенине карабастан Тегеран «болушунча карманууга» аракеттенип жатканын билдирди. 16-майда Токиодо жапон тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Таро Коно менен жолугушууларды өткөргөн Зариф Вашингтонду «Перс булуңунда кырдаалды жок жерден курчутууда» деп айыптады.
Ал Иран өзөктүк келишимди жактаарын кошумчалап, эл аралык инспекторлор Тегерандын документтин шарттарын аткарып жатканын бышыктаганын эске салды.
Ирандын башкы дипломаты АКШнын Жапония сыяктуу башка өнөктөштөрү эл аралык макулдашууну сактап калыш үчүн чара көрүшөт деп үмүттөнөрүн да айтты.
Анын алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жакында Тегеран сүйлөшүүгө барарын билдирген эле.
Трамп бир жыл мурда Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон келишимден чыгаарын жарыялаган. Көп өтпөй Ислам Республикасына каршы санкциялардын айрымдары калыбына келтирилген. Документте Тегеран атомдук программасын чектегенде санкциялар жеңилдетилери айтылган болчу.