Зеленский 20-майда президенттик кызматка киришет

Владимир Зеленский.

Украинанын жаңы президенти 20-майда ишке киришмей болду. Владимир Зеленскийдин инаугурациясын төрт күндөн кийин өткөрүү тууралуу чечимди бүгүн, 16-майда Жогорку Раданын 315 депутаты колдоду. Эки эл өкүлү гана каршы болду.

Зеленский өзү ант берүү аземин 19-майда өткөрүүнү сунуш кылып жаткан. Бирок украин депутаттары бул сунушту четке кагышты.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган.

Шайлоодон бери украин депутаттары инаугурациянын датасы боюнча талкууну кийинкиге жылдырып келген эле.