Зарылбек Рысалиев: Мен суракка барган жокмун

Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев өзү тууралуу жазылган маалыматтарды төгүндөдү. Анын айтымында, бүгүн ал эч кандай суракка барган эмес.

16-майда айрым жергиликтүү массалык маалымат каражаттар эл өкүлү Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганы боюнча сурак учурунда ден соолугу начарлап «Тез жардам» чакыртылганын маалымдашкан.

Акыркы бир айдын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин алты жыл мурда бошотулганы боюнча иш кайрадан жанданып, мурдагы аткаминерлердин айрымдары камалды. (TSh)