Жалал-Абадда сабалды делген адамдын окуясы териштирилип жатат

Интернеттеги социалдык тармактарда тараган видеодогу токмоктолгон адамдын окуясы териштирилип жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Видеодогу окуя боюнча материалдар чогултулуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 14-майда катталды. Видеодогу адамдардын өздүгү такталган, сабалды делген адам аскер же орган кызматынын ардагери эмес. Экөө тең облустун тургундары. Учурда бул багытта тергөө иштери жүрүп жатат.

Анткен менен айрым маалыматтарда видеодо токмоктолду деген адам Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын алдындагы атайын даярдыктагы отрядынын мурунку катардагы кызматкери Эркин Миңбаев, ал эми токмоктоп жаткан адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги айтылууда.

Социалдык тармактарда тараган кыска видеодо токмоктоп жаткан адам аны орой сөздөр менен тилдеп жатканын көрүүгө болот. (RsK)