Бишкекте жаныбарлар менен кошо чакан зоопарк күйүп кетти

Бишкек шаарынын Панфилов сейил багындагы чакан зоопарк ичиндеги жаныбарлар менен кошо күйүп кетти. Өрт 16-май күнү түндө болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, «Живая экзотика» чакан зоопаркынын жана «Деревяшка» кафесинин 400 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен. Учурда тилсиз жоонун себептери такталып жатат. (TSh)