Бишкек ЖЭБи: күбөлөр сотто көрсөтмө берип жатышат

Бишкек ЖЭБи.

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү өтүп жатат.

Сотто жабырлануучу тараптын - «Электр станциялары» ишканасынын өкүлүнүн күбөсү Руслан Байдинов көрсөтмө берди. Бирок ал айыпталуучулардын адвокаттары берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп бере алган жок. Айыпталуучу Сапар Исаковдун: «ЖЭБдин кайсы тарабында авария болду? Жаңысыбы, эскисиби?» деген суроосуна ал: «Билбейм» деп жооп берди. Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев: «Эмнеге бул жерге келип бизди шылдыңдап жатасыз? Сизди бул жерге мажбурлап алып келиштиби? Бул жерде бүткүл өлкөнүн тагдыры чечилип жатат. Сиз контрактты окудуңуз беле?» деп нааразы болду.

Руслан Байдинов «Электр станциялары» ишканасында 2007-жылдан тартып иштеп келгенин айтты.

Адвокаттардын маалыматы боюнча, 15-майдагы отурумда көрсөтмө берген Руслан Байдинов тергөө учурунда суракка катышкан эмес. Сотко ишеним каттын негизинде келген.

Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министр Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, финансы министри Ольга Лаврова, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов, Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчилери Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкуловго айып коюлган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.

Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат. (KR/ZKo)