Паспорт тендери боюнча комиссия түзүү сунушталды (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев паспорт тендери жана анда аты аталып жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловдун катышы бар-жогун аныктоо үчун депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Эл өкүлү бул маалыматтарга парламент реакция кылышы керек деп эсептейт.

- Маалымат каражаттарына «паспорттук тендер боюнча УКМК жетекчисинин да байланышы бар» деп чыгып жатат, - деди ал. - Парламент реакция кылбаса, коомчулук бизге терс баа берет. Ошондуктан биз депуттаттык комиссия түзсөк болот эле. Себеби бир топ эле маалыматтар бар. Ошону ачыкка чыгарсак туура болот эле. Тендерге катышкан кээ бир кишилер «комиссия болсо бир топ суроолорду айтып, маалымат берет элек» деп айтып жатышат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков комиссия түзүүгө каршы эмес экенин, ага фракция же комитеттин чечими керек экенин белгиледи.

УКМК тендерге байланыштуу «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Кийин Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагына чыгарылган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен.

Тергөө Мамкаттоонун жетекчилери литвалык компаниянын өкүлдөрү менен мурдатан тааныш болуп, тендерде алардын таламын талашканын маалымдаган. Бул боюнча УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов парламентте маалымат берип, өлкөдө паспорт даярдоодо коррупциялык схема орун алганын билдирген.

Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, паспорт чыгаруу боюнча швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуштурганын айтып чыккан.

УКМК ага жооп иретинде билдирүү таратып, жолугушуу болгонун ырастаган. Бирок бул жолугушуу мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөнү УКМК тараткан маалыматты белгиленген. (КЕ)

Толугу менен бул жерден окуңуз: Шаикова менен УКМКнын айтышы