Кара-Көлдө ички аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Көл шаарында асынып алганы айтылган ички аскер кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүнүн 38 жаштагы кызматкери 13-майда убактылуу жашап жаткан үйүндө асынган абалда табылган.

Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «өз өмүрүнө кол салуу» фактысы катары катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (SE)