Ингушетияда нааразылык акциясынын дагы бир катышуучусу кармалды

26-мартта Магаста өткөн акциядан бир көрүнүш.

Ингушетияда Чеченстанга жер берүүгө каршы акциянын дагы бир катышуучусу – Ризван Оздоев камакка алынды.

«Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмү кабарлагандай, Оздоевди «мартта Магастагы акцияда полиция кызматкерине күч колдонгон» деген айып менен өткөн түнү кармап кетишкен. Ошону менен бул айып боюнча кармалгандардын саны 25 киши болду. Буга чейин сот активистти акцияга катышканы үчүн 10 миң рубль айыпка жыккан.

Ингушетия Республикасынын борбору Магаста 26-27-мартта президент Юнус-Бек Евкуровдун кызматтан кетишин талап кылган жана Чеченстанга жер берүүгө каршы миңдеген адам митинг өткөрүшкөн. Алар Чеченстан менен жер алмашуу тууралуу келишимди кайра карап чыгууну, референдум өткөрүү тууралуу эрежени өзгөртүүнү талап кылышкан.

Былтыр сентябрда Чеченстандын жана Ингушетиянын президенттери Рамзан Кадыров менен Юнус-Бек Евкуров эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды аныктоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Чек аралар СССР кулагандан бери такталбай келаткан. Документ боюнча эки өлкө жер айырбаштаган. Бирок эксперттердин эсеби боюнча, Ингушетия Чеченстанга 26 эсе чоң аймакты берген.