Екатеринбургда чиркөөнүн курулушуна каршылар камакка алынды

Акцияга чыккандар.

Орусиянын Екатеринбург шаарында полиция чиркөөнүн курулушуна каршы акцияга катышкан төрт кишини кармап кетти.

13-майда кечинде жүздөгөн шаар тургундары чакан сейил бак жайгашкан жерге чогулуп, чиркөөнүн курулушуна каршылык билдиришкен. Чогулгандар храмды башка жерге, шаардын борборундагы бак-дарактарды кыйбастан тургузса болоорун айтып жатышты.

Күбөлөрдүн айтымында, акциянын катышуучуларына каршы уюшулган топ чыккан. Алар мушташып, бирөө газ чачыраткан.

Свердлов облусунун вице-губернатору Сергей Бидонько чиркөөнүн курулушуна каршы акция тартипти бузбастан өткөнүн, талашты жөнгө салуунун жолдору каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, чиркөөнү салууга уруксат алынган, долбоор коомдук талкуулардан өткөн.