«КТ Мобайл» айлыгы тууралуу маалымат берди

Эрназар Рысалиев.

«Кыргызтелекомго» караштуу «КТ Мобайл» ишканасынын өкүлдөрү «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телекомдун» менен болгон талаш жана айлык маселесине байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрүштү. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин билдирди. Ишкана өкүлдөрү айлыкка байланыштуу Интернетке тараган маалыматты четке кагышты.

Интернетке чыккан маалыматтарда «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары жазылган.

Эрназар Рысалиев ырастагандай, «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомдун» алдында 2003-жылы негизделген. Жыштыктарга лицензияны сатып алган менен каржы жетишсиздигинен улам старт алган эмес.

Жакында «Мегаком» менен «КТ Мобайл» ишканаларынын ортосунда келишпестик чыкканы маалым болгон. Жарым жылдай мурдараак тараптар түзгөн келишимге ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператору болгусу келгени талаш жараткан. (КЕ)