Новосибирскиде турак жайга Сталиндин атынын берилиши сынга кабылды

Сталиндин Новосибирсктеги бюсту.

Орусиянын Новосибирск шаарында турак жайга Сталиндин аты коюлганына байланышкан жарнама жашоочулардын сынына кабылып, социалдык тармакта кызуу талкуулана баштады.

Новосибирскидеги курулуш компаниясы жарнаманы 11-майда жарыялаган. Сегиз кабаттуу имарат быйыл күздө бүтөрү айтылган.

Бул шаар Сталиндин 1930-жылдардагы репрессиялык саясаты учурунда «Совет калкынын душманы» деп табылган миңдеген адамдар мажбурлап көчүрүлгөн шаарлардын бири.