Помпео менен Путиндин жолугушары күтүлүүдө

Путин жана Помпео.

14-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугары күтүлүүдө. Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, сүйлөшүү Сочиде өтөт. Анын иш сапары Москва менен Вашингтондун мамилеси чыңалып турган учурга туш келип жатат.

Помпео Орусияга дүйшөмбүдө келери айтылган, бирок ал Иранга байланыштуу Брюсселде Европа мамлекеттеринин лидерлери менен жолугушуусу пландалып, ал күнкү сапар токтотулган.

Майк Помпео Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугат. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу багытта сүйлөшүү жүргүзөрү кабарланды. Лавров экөө Сириядагы, Венесуэладагы жана Украинадагы кырдаалды да талкуулашат.