Матраимов Атамбаевге: Сиз менен күрөшүүгө күчүм жетет (видео)

Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видео кайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды.

Матраимов атасынын элесине арналган, Кара-Сууда өткөн иш-чарага токтолуп, аны «Атамбаевге таандык басылмалар көбүртүп, каралаганын» айтты. Ал спорттук иш-чара мурдатан эле өтүп келгенин, ага Атамбаев өзү да мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн билдирди.

Матраимов өзүнүн карьералык өсүшүнө да токтолуп, экс-президенттин тушунда жогорку кызматтарга көтөрүлгөнүн айтып, Атамбаевге кайрылды:

- Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз «Райым миллион» атка кондурдуңуз. Алланын колдоосу жана жеке аракетим менен бажы тармагында катардагы инспекторлук кызматтарды басып өтүп, Ош бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план-тапшырмаларды аткарып, иштеп жүрдүм. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз, Икрам досумдун колдооңор аркылуу Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм, дегеле 2010-жылдан тартып сизге жана сиз колдогон партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Аягында айтарым: мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө жетиштүү маалыматтарым бар жана күч-кубатым жетишерлик, - деди Райымбек Матраимов.

Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен үй-бүлөлүк катышта болгонун, ага карабай «экөөнүн ортосун кара мышык аралаганын» кошумчалады. Матраимов келишпестиктер 2017-жылдын октябрь айында кайнежеси менен Атамбаевдин кызы орун талашып уруша кеткенден кийин башталганын эске салды.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупция боюнча айыптап келет. Атамбаев ошондой эле Матраимовдорду «азыркы президенттин капчыгы» деп атаган эле.

Былтыр декабрда басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун мүлкү боюнча кеп-сөздөрдүн чын-бышыгын такташ үчүн текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Алмазбек Атамбаев Матраимовдун кайрылуусуна азырынча жооп кайтара элек. (ErN)