Байкоочулар бул жолу президент Родриго Дутертенин партиясы Сенатта көпчүлүк орунга ээ болсо, ага Конституцияны өзгөртүүгө жана өлүм жазасын киргизүүгө жол ачарын белгилеп жатышат.
Жергиликтүү, шаардык жана парламенттик шайлоолордө өлкө калкынын 61 миллиондой жараны добуш берери күтүлүп жатат.
Учурда 24 орундан турган Сенатта Дутертенин партиясы азчылыкты түзөт. Ошол себептен анын көптөгөн сунуштары талаш-тартыш жаратып, колдоо таппай келген. Бул шайлоодо ал Сенаттын жарымынан көбүн алууга аракеттенип жатканы айтылууда.
Аймактык, шаардык шайлоолорго ат салышып жаткандардын арасында президент Дутертенин балдары да бар. Маселен, кызы Сара Давао шаарынын мэрлигине өз талапкерлигин койгон. Атасы Родриго Дутерте да ушул шаарды 1986-жылдан 2015-жылы президенттикке аттанганга чейин башкарган.
Айрымдар Сара Дутертенин атасынын мураскери деп эсептешет жана 2022-жылы президент бийликти кызына өткөрүп бериши мүмкүн экенин боолгоп келишет. Дутертенин дагы бир уулу Себастьян ушул эле шаардын вице-мэрлиги үчүн күрөшүп жатса, улуу баласы Паоло Өкүлдөр палатасына ат салышып жатат.
Буга чейин да эл аралык уюмдар өлүм жазасын киргизүүнү жактаган Дутертенин саясатын сынга алып келишкен. «Эл аралык мунапыс» уюму аны «миллиондогон адамдарын укуктарын таш боордук менен жокко чыгарууда» деп күнөөлөгөн.