Литвада президенттик шайлоо өтүп жатат

Шайлоодон бир көрүнүш.

Литвада өтүп жаткан шайлоодо президенттик кызмат үчүн тогуз талапкер ат салышууда. НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон бул өлкөнү он жыл бою Даля Грибаускайте башкарып келди.

Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызын албаса, 26-майда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Коомдук сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, шайлоочулар үч талапкерди көбүрөөк колдошууда. Алар: мурдагы финансы министри Ингрида Шимоните, премьер-министр Саулюс Сквернялис жана мурдагы экономист Гитанас Наусед.

Литвада президент тышкы саясат үчүн жооп берет жана өлкөнүн атынан Евробиримдиктин саммиттерине катышат. Ошондой эле президент министрлерди, сотторду, аскер кол башчыларын жана Борбордук банктын башчысын дайындайт.