Өзбекстанда бир канча эл аралык сайттар блоктон чыгарылды

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда тосмолонгон бир канча чет элдик жана жергиликтүү сайттар блоктон чыгарылды.

Бул тууралуу президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директору Комилжон Алламжонов "Фейсбукка" жазды.

Анын айтымында, 10-майдан тарта "Voice of America", "BBC Uzbek", "Deutsche Welle", "Amnesty International", "Human Rights Watch", "Reporters sans frontieres", "Eurasianet.org", "AsiaTerra", "Fergana Agency", "Uzmetronom" өңдүү уюмдардын сайттары иштей баштады.

Алламжонов алардын буга чейин ачылбай турушуна "техникалык мүчүлүштүк" себеп болгонун белгиледи.

Тосмо алынып салынган Интернет даректердин ичинде "Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодликтин" сайты жок.

Өзбекстанда чет элдик сайттардын тосмолонушун буга чейин эл аралык коомчулук сындап келген.