Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү кызматына 8-майда Луиза Чемберлен киришти. Бул тууралуу уюм "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу маалымдады.
2018-жылдын декабрынын 2019-жылдын май айына чейин Чемберлен уюмдун Эфиопиядагы туруктуу өкүлү болгон. Въетнамда, Танзанияда, Шри-Ланкада жана Сомалиде да иштеген. Ага чейин Дүйнөлүк банкта эмгектенип, Палестинадагы долбоорлордун аткарылышына көз салган.
Луиза Чемберлен Швециядагы Стокгольм экономикалык мектебинин магистратурасын аяктаган. Эмгек жолун 1994-жылда баштаган.