Атамбаев Вьетнам Коммунисттик партиясынын делегациясын кабыл алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев Вьетнамдагы башкаруучу - Коммунисттик партиянын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы жана КСДП менен Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын кызматташуусу тууралуу сүйлөштү.

Вьетнамдык делегациянын башчысы Нгуен Туан Фонг эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. "Советтер союзу урагандан кийин Вьетнам менен Кыргызстандын байланышы үзүлүп калган. Биз эки өлкөнүн, өкмөттөрүбүздүн жана партиялардын ынтымагын бекемдөөнү каалайбыз" деди. Алмазбек Атамбаевди партиялык байланыштарды бекемдөө үчүн Вьетнамга чакырды.

Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева маалымдады.(ZKo)