Быйылкы жылдын алгачкы туристтери салтанат менен тосуп алынды

Жыргалаңдагы кышкы туризм фестивалы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-майда "Манас" эл аралык аэропортунда Польшадан келген туристтерди тосуп алуу аземи болду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, булар быйылкы жылдын эсебинен Кыргызстанга келген алгачкы туристтер болушту.

Туристтерге Кыргызстандын кооз, тарыхый жерлеринен тартып, мейманкана, тамактануучу жай жана башка кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтар камтылган жана алардын акысын арзандатып берүүчү атайын маалыматтык карточка тапшырылды.


Былтыр Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга чет мамлекеттерден 6,9 млн. адам келген. Ал эми туризмден түшкөн киреше ички дүң продукциянын 5% түздү.

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы Кыргызстанга 7,4 млн турист келерин белгилеп, негизги агым араб өлкөлөрү менен Сауд Арабиясынан болот деп үмүттөнүүдө.(ZKo)