Футбол: Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия чемпионатынын тандоо туруна катышат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 16 жашка чейинки (U-16) футбол боюнча курама командасы 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу АФКнын расмий сайты маалымдайт.

Бүгүн, 9-майда Малазиянын Куала-Лампур шаарында Азия чемпионатына тандоо оюндары үчүн чүчү кулак ташталып, 47 команда 11 тайпага бөлүштүрүлдү. Кыргызстан Ирак, Ливан жана Бириккен Араб Эмираттарынын курама командалары менен F тайпасына жайгашты.

F тайпасынын оюндары ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өтөт.
Тандоо оюндарынын жыйынтыгында өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген 11 команда жана экинчи орунду ээлеген беш мыкты команда финалык баскычка чыгат. Тандоо оюндары ушул жылдын сентябрь айында, Азиянын 11 өлкөсүндө өтөт. (GT)