Өзбекстан менен чек арадагы насостук станция жаңыланат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Ширеч» насостук станциясы. Баткен облусу.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 9-май күнү «Азаттыка» билдирди.

Андан алынган маалыматка ылайык, 8-майда облус жетекчиси Акрам Мадумаров Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагынан агып өткөн Кожошкен дарыясынын калктуу конуштарга коркунуч жараткан участкаларын көрүп, Кара-Токой жана Боз-Адыр айылдарына Кожешкен дарыясынан суу тартып берүүчү, «Ширеч» насостук станциясынын абалы менен таанышты.

Аталган насостук станция Өзбекстандын Шархабад айылында, анклавда жайгашкан. Учурда ал жаңылоого муктаж. Бул маселени чечиш үчүн республикалык бюджеттен 4 млн сом каражат каралып, алдыдагы эки айлык мөөнөттө толугу менен тетиктер жаңыланат. Бул иштер жасалса, Суу-Башы айыл аймагына үзгүлтүксүз суу берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ширеч насостук станциясы Суу-Башы айыл аймагынын 400 гектар жерин сугат суу менен камсыз кылат.

Баткен районун Суу-Башы айыл аймагы Өзбекстандын Сох районунун Шархабад айылы менен чектешет. Кээ бир учурларда насостук станцияга өтүп тейлөө, сугат суу талашынан улам тараптардын ортосунда чыр-чатактар болуп келген. (JsA)