Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан «Тез жардам» кызматы алып келген эки жашар кыз оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» оорукананын дарыгери Бахадыр Муратов билдирди:
- 2017-жылы туулган кызды 7-май күнү кечинде «Тез жардам» автоунаасы менен эс-учу жок абалда алып келишкен. Кыздын дем алуусу начарлап, денесинде көгала тактар бар экен. Учурда 15 адамдан турган дарыгерлер тобу наристени карап жатат. Абалы такай оор, эсине келе элек. Анализ жыйынтыктары көрсөткөндөй кыздын мээси жабыркаган. Дарыгерлер кыз таяк жеген деген тыянакка келип жатышат, - деди Муратов.
Жабыркаган наристе Жалгыз-Жангак айылында төрт айдан бери таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Кыздын апасы күйөөсү менен ажырашып, Орусияга иштегени кеткен. Аты-жөнүн атагысы келбеген наристенин жакындары ага кол көтөрбөгөнүн, жыгылып түшкөн учурда мээсинен жараат алганын «Азаттыкка» билдирди.
Сузак райондук милициясы жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөлөрү боюнча окуяны кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат. (RsK)